Маметбек Мырзабаев: Ислам саясий оюндардын куралы болуп калды

09:56, 8 Сентября 2014


Согушчул радикалдуу ислам- Кыргызстандабүгүнкү күндө курч турган маселелердин бири. Эксперттикизилдөөлөргө таянсак, коомдун айрым катмарынын радикалдашуусу,радикалдуу идеяларды жанакөз-караштарды кеңирижайылтуу, салттуу исламды алмаштыруу улуттун коопсуздугуна олуттуу тынчсызданууну жаратууда. 

Бул абал эмнеси менен коркунучтуу экендигин биз ислам иштери боюнча илимий изилдөө институнун башчысы Маметбек Мырзабаевденбилүүну чечтик.

-Өлкөдөгү азыркы диний абалга кандай баа бересиз?

- Жылдан жылга оорлоп бара жаткандыгынишеничтүү айта алам.Учурда бул тармакта оюнчуларкөбөйүп кетти.Бүгүнкү күндө дин адеп-ахлак, акыл-оймудөөлөрүнүн чегинен чыгып, мамлекет ачык моюнга алгандай саясий жана геосаясат оюндарынын куралына айланды. Бул оюнчулардын баардыгы аныөз максаттарына жетүү үчүнколдонуп жатышат.

-Сөз кайсы оюнчуларжөнүндө болуп жатат?

- Бул аймактык жана ири уюмдар.Ошолордун бардыгы ар дайымбара-барадин биздин баш ооруга айланып калаарын эскертип келишет. Алар бизде кандайдыр бир диний чатакты атайылап чыгарып туруп, анын чыгуу жолдорун акырын бизге сунуштапкойорушексиз. Аларбиздииштин ошондойөнүгүшүнө түртүп жатышат. «Манастан» америкалыктар кетээри менен бизде диний экстремизмкүч ала баштаганын этияттык менен  билдире башташты.Түз жерден мындай чатактарды чыгарып коюуу кимдирбирөөлөр үчүн жеңил экендигин бизжаңытарыхтан билип эле калдык.

Мындай чыр чатактарды колдонуп,өздөрүнүн катарынкөбөйтүп, Кыргызстандагы саясий абалын бекемдеп алууну самаган диний уюмдар бар.
Саясаттын ичиндеги айрым депутаттар, саясий партиялар деле диний абалдыөздөрүнүн максаттарында колдонупкетүүгө даяр.

- Демек, ички оюнчулар дележөн жаткан эмес экен да?

- Керек болсо ар бир жамааттын кызыкчылыгын алдыгатүртүп, колдоп турчу өзүнүн депутаты же депутаттары бар. Муфтийди шайлоо же зыяратка барууну уюштурууда бул илдеткүчөп кетет. Ошолүчүн келээрки 2015- жылдагы парламенттик шайлоодо дин чоң мааниге ээ болуп,көптөгөн партиялар диний белгилерди жамыныпалып, дингеишенүүчүлөрдү пайдаланышат.
Алдыдагыпарламенттик шайлоолордо диний ишмерлерөзүнө (тагыраагы динге)жогорку көңүл бурдуруу менен мындайкырдаалдан пайдаалуу ниетинде, упай топтоого аракет кылышат.

-Азыр Кыргызстанда исламдын саясатташуу процесси күч алды деп айтууга мүмкүнбү?

-Ооба, баардык белгилер ачыктала баштады. Менин жекекөз-карашымдаКоргонуу Кеңешинин күн тартибине диний маселенин коюлушу бийликтин буга чоң маани берип, аны менен бирге кенири талкууга жолачып жатканынан кабар берет.

-Сиз саясатчылар активдүү түрдө динге берилип жатышат депайттыңыз,мисал келтире аласызбы?

-Андай мисалдар аз эмес. Аты-жөнун атабай эле койсом. Мисалга, муфтийди шайлоодо, диний ишмерлер ичкимаселесине айрым мамлекеттик чиновниктерди, саясаттагы элөкүлдөрүн тартууга аракет кылышат. Алардыжөнэле бул маселеге тартпастан, жамаатка алар кимдер менен бирге экендигин жана аларды ким колдоп тураарын ачык элекөрсөтүшөт. Чиновниктердин же элөкүлдөрүнүн кимиси зыяратка барды жана негизгиси ким менен барганы коомчулука дароо айтылып турат.Орозодон кийинөздөрүнүн саясий рейтингинкөтөрүү үчүн айт намаздарга кимдер барып жатканынкөрүп элежүрөбүз. Мындай нерсениөкмөттүк саясатчылар эле эмес, оппозициялык маанайдагылар деле кылыпжүрүшөт.

-Акыркы убакта коомчулукта учурдагы исламдашунун артынан радикалдыкөнүгүштөр болуп кетет деген кооптонуулар айтыла баштады. Алкоркунучтардынканчалыкдеңгээлде чындыгы бар?

- Исламдашуу радикалдык маанайдыкүчөтөт деген далилди эч ким тана албайт. Бул бир катардаөнүгүүчүпроцесстер.Дүйнө жүзүндө исламдашуунун активдүү фазасы радикалдашуу менен тыгыз байланышта болуп келет. Саясатайдыңында радикалдыккөз караштагы оюнчулар пайда боло баштады. Бул жерде биздин «мугалим» ким? деген негиздүү суроо жаралат.Көз карандысыздыктынбашталышында исламга бизди кимдер гана окуткан жок. Алар Сауд Араб, Туркия, Египет, Пакистан, Индия жана бир катар жакынкы чыгышөлкөлөрүнөнкелген миссионерлер. Жогорудагыөлкөлөрдүн кимиси саясий тынч абалы менен мактанаалат? Ушул убака чейин Туркия ал тизмеде жок эле бирок ал жактагы акыркы исламдашуунун кесепетинентүрк коомунда ажырымкөрүнөбаштады.

-Башка мамлекеттердин катасынңске алып, Кыргызстандагы абалдыкөзөмөлгө алса болобу?

- Азыркы этапта мен абалды колго алса болот деген ойдон алысмын. Менимче биз маселеге туура эмескөзкарашта болуп, анын мененөзүбүзгө кезектеги маселени жаратып жатабыз. Мисалга, Ирак жана Сириядагы радикалдар «Ислам мамлекетин» куруп алып,кеңири жана агрессордукмүнөздө өздөрүн дүйнөгө таанытып, катарына башкаларды үндөп жатышат. Ар кандай маалыматка ылайык бир ганаБританиядан катарында 500-600 киши бар жана аларды британ бийлиги кайра артка кайтарууга ниети жок, тескерисинче, аларды жарандыгынанажыратып,өлкөгө кайракирүүсүнө тыюуу салууда. Бизде тескерисинче, ар кандай маалыматка ылайык, Сирияда 100гө жакын кыргыз жарандары алжактагыбийлике каршыкүрөшүп жүрүшөт жана алардыүйлөрүнө кайтарууну ойлогон дележокбуз. Бул пикирге кайчы келет. Динийрадикалдуулукка жанаэкстремизмге батып кеткендерди кайрып алуунун кажети барбы? Алөлкөлөрдө алган тажрыйбаларына ылайык алар андан дагы ашкан радикалчы болуп алышты, анда алар менен мамлекеткүрөшө алабы? Алар менен мамлекетөзүнүн эле ичиндекүрөшжүргүзө алабы? Албетте, жок.Өлкөдөгү оор  экономикалык абал радикалдашуунунөсүшүнө ылайыктуу шарттардытүзүүдө. Ишенипкоюңуз, алар бул абалды колдонгонду билишет жанасөзсүз колдонуп кетишет.

Маектешкен Алмаз Исманов

Сүрөттөр Вячеслав Оселедконуку 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине