Раим миллиону АКШда персона нон грата деп жарыяланган

11:34, 10 Декабря 2020

9-декабрь, 2020 - Вашингтон. Глобалдык Магнитский белгилөөлөрү коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата жемкорлорго жана алардын байланыш чөйрөлөрүнө багытталат. 

Вашингтон - Бүгүн, коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү, АКШ Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорун жана алардын байланыш чөйрөлөрүн көзгө алат. Бүгүнкү иш-аракет, №3818 аткаруу буйругуна ылайык кабыл алынып Глобалдык Магнитский Адам Укуктары Жоопкерчилик Актынын негизинде жемкорлук менен алектенип келген, адам укуктарын одоно бузуп келген кылмышкерлерди көздөйт жана аны ишке ашырууга багытталат.

“Коррупцияга каршы эл аралык күнү, Каржы министрлиги Африка жана Азиядагы жемкорлордун аркасынан түшүп элдин эсебинен байып кызмат абалын жеке кызыкчылыгы үчүн пайдалангандарды мындан ары жоопко тартуу ишин улантат”-деди каржы министри Стивен Мнучин.

Коррупцияга каршы демилгелер тууралуу жалпы коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында, Коррупцияга каршы эл аралык күн Бириккен Улуттар уюмунун башкы Ассамблеясынын 2003-жылдын 31-октябрындагы коррупцияга каршы Бириккен Улуттар уюмунун Конвенциясын (БУУК) кабыл алгандан бери жыл сайын 9-декабрь күнү белгиленип келет. Азырынча БУУКка 186 өлкө кол койгон. Коррупциялык көрүнүштөргө каршы кабар таратуудан тышкары, Каржы министрлиги мыйзам үстөмдүгүн, жоопкерчиликти жана айкындуулукту жогорулатуу үчүн өз механизмдерин ишке ашырат. Бул белгилөөлөр менен, Каржы министрлиги жемкорлукка тиешелүү кемчиликтерди жоюу максатында бардык өкмөттөрдү кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы иштерин жүргүзүүгө жана терроризмди каржылоого бөгөт коюудагы реформаларын ишке ашырууга үндөйт. 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯ: Райымбек Матраимов 

Райымбек Матраимов (Матраимов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын эски орун басары, кеминде 700 АКШ долларынын аткезчилик жолу менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан. Схема бир компанияны колдонуудан жана ага бажы төлөмдөрүнөн качуусуна жол берүүдөн турган. Ал компания бажы кызматкерлерине пара берген соң, бажы кызматкерлери кымбатыраак товарларын баасы арзаныраак товарлар катары каттап компаниянын кирешесинин эбегейсиз өсүшүнө себепкер болушат. Андан тышкары, компаниянын товарлары бажы терминалдарынан башка компаниялардын товарларына караганда тезирээк өтөт. Бул компанияга тиешеси жок, пара бербеген башка компаниялардын товарлары көп учурда тыгыз көзөмөлдөн өткөрүлүп, оор жүк ташуучу унаалардан түшүрүлүп бажы кампаларында апталар, болбосо айлар бою тура берет. Матраимов кызматынан пайдаланып аталган компаниянын товарларынын Кыргыз Республикасынын чек араларынан кынтыксыз өтүүсүн камсыз кылган.  Матраимов компаниядан түшкөн параны топтоо жана бөлүштүрүү ишин алып барган. Мындан тышкары, Матраимов бул компанияга курьерлер аркылуу накталай каражаттарды аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүдө жардам көрсөтүп келген. Кыргызстандын укук коргоо органдары аэропортто ири суммада накталай акча ташып жаткан курьерлерге жакындаганда, бул курьерлер саякаттарын улантуу үчүн Матраимовдун атын колдонушкан. Матраимов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан пайдаланып бул бажы схемалары аркылуу жүздөгөн миллион доллар киреше тапты. 

Матраимов жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик контракттар же кен байлыктарын казып алууга байланышкан жемкорлук, же паракорчулук менен же түз же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу же катыштыгы бар учурдагы же мурунку мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран деп белгиленди. 

САНКЦИЯЛАР КЕСЕПЕТТЕР

Бүгүнкү иш-аракеттин натыйжасында АКШда жайгашкан же АКШ жарандарынын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк жана кызыкчылыктарына арест салынат жана алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилүүгө тийиш. Буга кошумча катары, арест коюлган мүлктөр тарабынан түз же кыйыр, 50 пайыз же андан ашык пайыз менен ээлик кылынган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисинин өзгөчө же жалпы түрдө берген лицензиясы аркылуу күчкө ээ болуп, же башка түрдө бошотулбаса эле, Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисинин мыйзамдык актылары АКШ жарандарына же АКШнын ичинде жашап жаткан же транзит кылып жаткан жарандарга белгиленген же башка түрдө санкцияга учураган жарандардын кандайдыр бир мүлкүн же мүлккө болгон кызыкчылыктарын камтыган транзакцияларга тыйуу салат. Бул тыйуулар санкцияга учураган адамдан кызмат көрүүнү, ага же анын кызыкчылыгына кызмат көрсөтүүнү, каражат же товар менен камсыз кылууну жана ошондой эле андай адамдан ар кандай кызмат, салым, каражат  же товар алууну да камтыйт. 

ГЛОБАЛДЫК МАГНИТСКИЙ

Глобалдык Магнитский Адам Укуктары боюнча Жоопко тартуу Актына негиз караты алып, Президент 20-декабрь, 2017-жылы №13818 Аткаруу буйругуна кол койду. Анда Президент толугу бойдон же жарым жартылай түрдө АКШдан тышкары орун алып жаткан адам укуктарын бузуунун жана коррупциянын жайылышы олуттуулугу жана масштабдары жагынан эл аралык саясий жана экономикалык системаларга коркунуч туудура турган деңгээлдерге жеткенин белгиледи. Адам укуктарын бузуу жана коррупция стабилдүү, коопсуз, ишке ашкан коомдордун негизги пайдубалын калыптоочу баалууктарды жокко чыгарат, инсандарга терс таасир тийгизет, демократиялык институттарды алсыратат, мыйзам үстөмдүгүн басмырлайт, зомбулук конфликттеринин өмүрүн узартат, кооптуу адамдардын ишмердүүлүгүн женилдетет жана экономикалык рынокторду алсыратат. Кошмо Штаттары адам укуктарын бузгандарга же жемкорлукка аралашкандарга ошондой эле Кошмо Штаттарынын каржы системасын так ошол адамдардын мыйзам бузууларынан коргоо максатында аларды сезилерлик жана маанилүү кесепетке дуушар кылууну көздөйт. 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине