Турмуштуксерфинг, туризмдин жаңы түрү

13:37, 12 Сентября 2014

«Ал туурасында эч нерсе билбей туруп, үйгө таптакыр бейтааныш кызды кантип тособуз? Ага ишенип, коопсуздук туурасында эки күн болсо да кантип жашайбыз чоочун киши менен? Таптакыр макул эмеспиз», -деп кайталап жатышты менин ата-энем.

Жуманын ортосундагы таңкы тынчтыкты эшиктин кагылышы, андан кийин эшиктин коңгуроосу бузду. Эшик алдында жонуна туристтердин баштыгын илген арыкчырай ак саргыл кыз турду. Анысы жок дегенде 40 килограмм. Бүгүн биз бири-бирибизди биринчи жолу көрүп жаттык. Анын ак сөөк кыймыл аракети жана атырынын жагымдуу илеби анын бул жердик эмес экенин айтып тургансыйт.

-Бул чын эле коопсузбу? –деп ата-энем улам-улам сурап жатышты.

-Таптакыр. Бул кыз менин мейманым жанакаучсерфер.

МенМари Будуаны үйгө киргизип, анын бөлмөсүн көргөздүм, ал биздеги мейман болгон эки күндө ушул бөлмөдө жашайт.

Каучсерфингдеген сөз азырынча орус тилиндежазыла элек, бирок практиканын өзү бүт дүйнө жүзүнө тараган. Бул англис тилиндеги эки сөз айкашынан: «couch» жана «surfing» сөздөрүнөн турат, сөзмө сөз «дивандакататься»( сыйгалануу) деп которулат. Бир жагынан шектүү угулат.

Келгенге чейин бир нече күн калгандаМари мени өзүнө окшогон саякатчылардын атайын сайтынан тапкан. Сурамжылоо жиберип, Борбордук Азияга биринчи жолу келген. Бир нече жолу бул оюнан баш тартууну да ойлонду, мен анын үй бүлөсүнүн буга окшогон капыл-тапыл саякатын кандай кабыл алгандыгын түшүнүп турдум. Кыз – француз кызы, Париждин борборунан, анын ата-энеси – шоколад фабрикасынын кожоюндары, ал негизи – ал өзүнө туруктуу көңүл бурууну талап кылган эрке кыздардын бири. ..

Ал туурасындагы маалыматтарды кунт коюп изилдеп чыгып, мен анын достукту сунуш кылган суроосун кабыл алдым. Сүрөтүн жана башка серферлердин берген баасын окуп чыгып, анын башкаларга окшобогон инсан экендигин байкадым, ал менин башымдагы буга окшогон стеоротиптерди буза алды: ал Африка, Нигерия, Бразилияга саякат жасаган.Мари 23жашта,ал азырынча университетке документтерин тапшыра элек, анткени Европада жогорку билимди тандоо маселесине абдан олуттуу мамиле кылышат.МариДеңиз флотунда катчы болуп иштейт. Анын жүрүм-туруму, менин меймандостугум менин үй бүлөмдүн, айланадагы кошуналардын түшүнбөстүгүн жаратты. Башкалардан бир гана сырткы турпаты эмес, менталитети менен да айырмаланып турган адамды дароо бөлүп карашат – жана абдан кунт коюп изилдеп чыгышат.

Каучсерфинг – бул саякаттоонун өзгөчө түрү, ал типтүү туристтик сапарлардан абдан айырмаланып турат. Серфингди өзүнчө алып караганда– бул спорттун экстремалдык түрү, каучсерфингди экстремалдык туризм катары аныктаса да болот, анткени сени эмне күтүп турат, кандай адамдар жана турак жай туш келет экенин аныктоого мүмкүн эмес, ал турист үчүн “өз алдынча рулетка”. Колдонуу чиймеси абдан жөнөкөй: сен өзүңө жаккан шаарды тандап, убактылуу үйүнө жашата турган адамдарды издейсиң.

- Ал эмне, өзүнүн жашаган үйүнө төлөөгө кудурети жетпейби? Ал, кебетеси, тыңчы болсо керек, деп менин тааныштарым улам-улам кайталап жатышты.

Саясаттоонун бул ыкмасынын философиясы акча менен ченелбейт. Анын максаты, жаңы досторду табуу, билим,тажрыйба алмашуу, ааламдын башка бурчундагы, жашооңдо биринчи жолу көрүп жаткан адамдар менен убакытты кызыктуу өткөрүү. Экстремалдык туризмге маданият алмашуу, билим жана жеке тажрыйба деңгээлинде бирге аракеттенүү да кошулат. Сайттын маалыматтары боюнча,10 миллион колдонуучулар жана100 000шаар тартылган, агаКабул, ДамаскжанаБишкек да кирет.

Каучсерфингдин Кыргызстандагы географиясы Бишкек менен чектелбейт. Жалал-Абаддын биринчи каучсерфери болуп Венера Изабекова саналат, ал масштабдуу эл аралык уюмдун кызматкери. Аныкында ар кандай адамдар мейман болушкан, алар менен дагы эле достук мамиледе.

«Бир-эки жыл мурда биздин офиске Польшадан кесиптешибиз келди, аны меникинде жашап турууга чакырдым. Азыр ал – менин эң жакын курбум. Биз убакытты абдан кызыктуу өткөрдүк. Жалал-Абаддан кийин ал Москвага кетиши керек, ал таптакыр чоочун адамдыкында жашамак, ал элчиликтин атташеси болуп иштейт экен жана аны каныша сымал коноктоп, тосуп алды. Мени бул абдан таң калтырды: кыз Москвага барат, чоочун адамдыкына жашайт, ал туурасында өз профилиндеги маалыматтар боюнча билет, жана мунун баары интернеттен гана алынган. Ойго келбес жорук! Бирок, чындык! Ойлонуп көрүп, мен да эмнеге болбосун деп ойлодум, чындыгында жашоого жана коомго ачылышың керек. Ушундан кийин, мен да сайтка катталып, өзүмдүкүнө башка серферлерди чакыра баштадым. Мен аларды, бул мейманкана (отель), ресторан эмес экендигин, мен аларга багуучу эмес экенимди эскертем», - дейтВенера.

Визасыз режимди киргизүү менен Бишкекте турак жай издеген серферлердин саны көбөйүп жатат. туристтердин көпчүлүгү комьюнити туризмди көрүүгө Нарынга барышат, бул көптөгөн чет элдик туриттер үчүн экстремалдык туризмдин дагы бир түрү. жергиликтүү жашоочулар менен турак жай туурасында боз үйлөрдү сүйлөшүү керек, аны башаламан, алдын ала сүйлөшпөй туруп сүйлөшөт. Туристтервелосипед алышат,тоолорго чыгышат, ал эми түнөгөнгө жайлоодон үй бүлө издешет, алар менен бирге тамактанышат. Анан, андан ары жөнөшөт. Негизи, буга бир аз акы төлөнөт, бирок, боз үйдө жашаган көптөгөн көчмөндөр түнөгөнү үчүн эч акы алышпайт. мына ушул карапайым адамдар туризмдин деңгээлин жана мамлекеттин имиджин көтөрөт.

Борбордук Азияга сапарын,Марижеке чакырык катары кабыл алды. Күтүүсүз таанышуудан кийин, бардык тоскоолдуктар тез жоголот, сен жаңы эле жашооңо кирген адамга эң жашырын сырыңды бөлүшүүгө даяр болуп каласың. Мари өзү менен өзү болууга, өзү ким, каалаганы эмне экенин билүүнү түшүнүү үчүн келген. Муну үчүн таптакыр жаңы жашоо-турмушка чөмүлүү керек.

«Чынын айтканда, мен Бишкек жана анда жашаган адамдардын меймандостугуна абдан таң калдым.Мен таптакыр башка көрүнүштү күткөм. Элдин жашоосу Париждегидей эле,орто катмары биздин айрым байларга караганда жакшыраак жашайт экен. Мен бул жерди ММКларда жазылып жүргөндөй, үчүнчү дүйнөнүн мамлекеттерине киргизмек эмесмин. Бирок, өз жашоомдо бул жерде өмүр бою калып, жашап калам деп элестете да албайм. Мындай сапарлар мен үчүн — бул асемдикте эс алуунун ыкмасы эмес, ал жерде сени эркелетип, тамакты төшөгүңө алып келбейт. Мен болгону бул дүйнө туурасында көбүрөөк билгим келет, аны менен бирге өзүмдү түшүнгүм келет», - дейт Мари.

Алдыда бул кызды Ысык-Көл, Караколдун тоолору жана Нарындын салкын абасы күтүп турат. Ал булар туурасында апам экөө талкуулашып, ашканада француз тамагын даярдап жатышат. Тилди билүү анчалык маанилүү эмес, башкысы ачык акыл жана сын көз менен карап ойлонуу керек. Мен болсо Жердин башка бурчунан жаңы серферлерди күтүп жатам.

Бегимай Сатаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине